Кыргызстан

Назгул Каныбекова — Түнкү ыр Текст

Назгул Каныбекова — Түнкү ыр Текст

Турам тыңшап селейип үн катпастан
Дирилдеткен кусалык добушуңду
Чертким келди менин да ушул күүнү
Бирок корком албаймын комузумду

Жок, жок менин уккум келет башкача үндү
Жазгырбас жарыгына ишеничтүү
Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү
Сагынычтын саргайбас албуут күчүн

Коштоор элем мукамдуу батына албайм
Үнсүз, тилсиз кысылат эт жүрөгүм
Кимсин деги бейтааныш күндүр — түндүр
Сагынычтан, кусадан алсыраган

Жок, жок менин уккум келет башкача үндү
Жазгырбас жарыгына ишеничтүү
Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү
Сагынычтын саргайбас албуут күчүн

Турам тыңшап селейип үн катпастан
Дирилдеткен кусалык добушуңду
Чертким келди менин да ушул күүнү
Бирок корком албаймын комузумду

Жок, жок менин уккум келет башкача үндү
Жазгырбас жарыгына ишеничтүү
Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү
Сагынычтын саргайбас албуут күчүн

Жок, жок менин уккум келет башкача үндү
Жазгырбас жарыгына ишеничтүү
Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү
Сагынычтын саргайбас албуут күчүн