Кыргызстан

Камила Талантбек — Махабатым Текст

Камила Талантбек — Махабатым Текст

Акактай туптунук, таптаза бала кезден
Айланып ааламды кыдырып дүйнө кезгем
Балалык кыялдай
Кыялды тыя албай
Бакытым тапсам деп издегем
Өмүрдүн шаңындай
Өчпөгөн шамындай
Сезимдин жарыгы сен белең?

Жарыгың сен чачып жайнагын
Жалыныңды мага арнагын
Жаркылдаган, асылзаадам
Таалайым сен, мага жазганым
Тагдырымды сага арнадым
Кыярбаган махабатым!

Керемет сезимди берсе деп мен самап келгем
Көкөлөп бийикке учууга канат берген
Кабылдың өзүмө
Кадалып көзүмө
Жолубуз жомоктой бир бекен?
От болуп жанаарсың
Оюмду табаарсың
Эркелеп төгүлсөм сага мен

Жарыгың сен чачып жайнагын
Жалыныңды мага арнагын
Жаркылдаган, асылзаадам
Таалайым сен, мага жазганым
Тагдырымды сага арнадым
Кыярбаган махабатым!