Кыргызстан

Эркай Бактыбек кызы — Узун жолдор Текст

Эркай Бактыбек кызы — Узун жолдор Текст

Узун жолдор, тоолордун бетиндеги
Уңгу кептин эртеңи сезилбеди
Уйпаланган уйкусуз түндө калган
Убадасыз бир маек эсиңдеби, эсиңдеби?
Уйпаланган уйкусуз түндө калган
Убадасыз бир маек эсиңдеби?
Убадасыз бир маек эсиңдеби?

Менде жашайт маектин кесим деми
Мемиреген тынчтык ай кечиндеги
Мелмил кылган мезгилдин кадыр түнүн
Мейиз даамдуу эриндер эсиңдеби, эсиңдеби?
Мелмил кылган мезгилдин кадыр түнүн
Мейиз даамдуу эриндер эсиңдеби?
Мейиз даамдуу эриндер эсиңдеби?

Сапарлаштар санынан өзгөрүлө
Санаа тартып, сааттардын өткөнүнө
Сен өзүңдү бактылуу сезген күндөн
Сүрөт тартып алыпмын көздөрүмө, көздөрүмө
Сен өзүңдү бактылуу сезген күндөн
Сүрөт тартып алыпмын көздөрүмө
Сүрөт тартып алыпмын көздөрүмө
Сүрөт тартып алыпмын көздөрүмө