Кыргызстан

Эркай Бактыбек кызы — Апакем ай Текст

Эркай Бактыбек кызы — Апакем ай Текст

Мээримиңдин кубаты дүйнө жаркытат
Менин балам дегениң күндө балкытат
Жогорулайм сиз айткан тилек аркылуу
Жоолугуңуз ааламдын жытын аңкытат

Апакем ай, менин асыл адамым
Ай тийгендей ачык болсун кабагың
Таберигим ыйык туткан жалгызым
Талашасыз өмүр бою таламым

Кучагыңда ыңаалап тапкан наристең
Кутум жанып элиме жаксам ар иштен
Күнү-түнү энелер мээримин төгүп
Балдарынын бакытын тилейт баары ичтен

Апакем ай, менин асыл адамым
Ай тийгендей ачык болсун кабагың
Таберигим ыйык туткан жалгызым
Талашасыз өмүр бою таламым

Сен бар үчүн күн чыгат сүйүп жер бетин
Ажарыңыз башкача сулуу келбетиң
Сен бар үчүн жашоомдун маңызы чыгат
Сен болбосоң сүймөкмүн жашоо эмнесин

Апакем ай, менин асыл адамым
Ай тийгендей ачык болсун кабагың
Таберигим ыйык туткан жалгызым
Талашасыз өмүр бою таламым