Кыргызстан

Чынгыз Турдубеков — Тентек кыз Текст

Чынгыз Турдубеков — Тентек кыз Текст

Ойноп бир жүрсөң көчөдө
Моюн бербей өзгөгө
Бардыгынан өзгөчө, эй болуп өзгөчө
Курбуларың окшош баарысы
Көңүл бурса жашы карысы
Ошол сага көңүл дарысы, эй көңүл дарысы

Тентек кызсың жаның такыр тынбаган
Эч бир сөздү укпай жанды кыйнаган
Кылыктарың жүрөктү туйлаткан
Ишти кылып акылга сыйбаган
Айланаңды эч эле сыйлабаган
Өзүмчүлсүң эч бир эле укпаган

Таянып сулуулугуңа
Атааңдашып курбуңа
Сак бол жашоо жолунда, эй жашоо жолунда
Татынакай кызсың сонун да
Туура ойлонгун жаштыгыңда
Жарашпайт бул аялзатына, эй аял затына

Ата энең жакындарың эмне десе укпайсың
Көчө десе клуб десе жанталашып чуркайсың
Интернеттен көргөзөсүң жыпжылаңач денеңди
Инстаграммда тиктокто телефондо жашайсың

Аялзаты сен бийиксиң сен барктагын атыңды
Сен ыйыксың, сен асылсың, алыс кылган жакынды
Ук сен ойлон келечекте энесиң
Сен сактайсың ыйманды да урпактарын кыргызды