Кыргызстан

Айжан Солтобекова — Жаным Текст

Айжан Солтобекова — Жаным Текст

Жүрөмүн өзүңдү эңсеп
Жүдөдүм ар күнү эстеп
Сен деген жүрөктөгү
Сезимди салдың тепсеп
Өмүрүм арман беле?
Өзгөрдүң жаным сен неге?

Өзүңдү күтүп келем
Үзүлбөс үмүт менен
Махабат деңизинде
Мен жалгыз сүзүп келем
Сөздөрүң жалган беле?
Кайрылып келемин деген

Жаным
Өмүрлүк боло албадым жарың
Татпадым ак сүйүүнүн балын
Аралап сүйүүнүн багын

Сен дагы сагындыңбы?
Кусага малындыңбы?
Тура албай сөздөрүңө
Турмушка багындыңбы?
Ал балким жаңырдыңбы?
Башканы жарың кылдыңбы?

Сен мени ойлодуңбу?
Унутуп койбодуңбу?
Аргасыз кеттинби? Же
калп эле ойнодуңбу?
Бактылуу болгун эми
Башкысы унутпа мени

Жаным
Өмүрлүк боло албадым жарың
Татпадым ак сүйүүнүн балын
Аралап сүйүүнүн багын